таштанды талаасындагы жашоо
Таштанды талаасына жакын жайгашкан ДЭУ конушунда жалпысынан 300гө чукул түтүн жашайт. Дээрлик айылдын бардык жерин жагымсыз жыттар каптайт. 5-6 үй-бүлө таштандылардан улам катуу жабыр тартышкан.
Оштун таштанды талаасы 1950-жылдары түптөлгөн. Анын жалпы аянты 70 гектарды чамалайт. Таштандынын жергиликтүү тургундарга тийгизген терс таасиринен улам башка жакка жылдыруу талабы 1970-жылдардан башталган.
Ал Жапалактын ДЭУ конушунун тургундарына эле эмес Ош-Ноокат-Баткен жолундагы жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келет.
Тургундар таштандыны башка жакка жылдыруу же кайра иштетүүчү завод куруу маселесин көтөрө берип тажап деле калышкан. Бул бүгүн же эртең эле чечиле койчу маселе эмес экенин айтышат. Биздин чыгармачылык топ да таштанды талаасынын тагдырына кызыгып көрдү
Тургундар таштандынын жылдыруу боюнча ар жыл сайын бийлик өкүлдөрүнө кайрылып келет.
Таштандынын адамдын ден солугуна, экологияга тийгизген таасири чоң. Шамал аркылуу анын жагымсыз жыттары айылга чейин келип, кечиндеси дем алуу кыйын болорун айыл тургундары айтышат.
-" Сарык сыяктуу жугуштуу оорулар көп катталат. 90-жылдары айыл боюнча оору жайылып, үй-бүлөсү менен жатып калган учурлар болгон. Таштандылардан чымындар келип, үйгө толуп алышат. Жагымсыз жыт келет. Таштандыларды өрттөшөт, кечки саат жетиден кийин дем алуу оор болот. Өкмөткө көп кайрылдык, жыйынтык болбой жатат." - дейт ал.
Аталган айылдын 67 жаштагы пенсионери Монускан Тойчиева.
Жолбун иттер айылга ар кандай өлгөн жаныбарлардын калдыктарын ташып келишет.
-"Таштанды талаасындагы өлгөн жаныбарлардын калдыктарын жолбун иттер ташып келет. Аларга чымын-чиркей конуп, тамак-ашка чейин келип, ар түрдүү оорууларды таратып жатат. Аны менен бирге жаңы төрөлгөндөргө, бала бакчадагы балдарга зыяны тийүүдө. Балдарыбыздын келечеги кандай болот белгисиз".

Айыл тургуну Нурмира Азимберди кызы
Аталган айылда жалпысынан 300гө чукул түтүн жашайт. Дээрлик айылдын бардык жерин жагымсыз жыттар каптайт. 5-6 үй-бүлө таштандылардан улам катуу жабыр тартышкан.
Аларды башка жакка көчүрүү мүмкүн болбогондуктан учурда ошол жерде эле таптап салышат. Анда иштеген 4-5 эксковатор, тракторлор иреттеп турушат.
Таштанды кампалар боюнча маселени жергиликтүү тургундар эле эмес, жергиликтүү бийликтегилер да бир нече жолу көтөрүшкөн. Бирок алардын аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Таштанды полигонун куруу боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Парламент ЕАЭБден 10 млн. евролук грант алууну жактырган. "Тазалык" ишканасы буга чейин аталаган полигондун үстүнөн бош жерди сунуштаган болчу. Бирок ал ЕАЭБдин талаптарына туура келген эмес. Алар таштанды жайы үчүн: калктуу конуштан алыс, экологияга зыяны тийбеген, кыртышы талапка жооп берген жер керек дешкен.

Таштанды - бир эле Жапалактын тургундарынын көйгөйү эмес, бул Ош шаарынын ар бир жашоочусуна тийешелүү маселе.
Ош шаардык тазалык муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаровдун пикири:

-"Шаардын ичиннен 60-70 гектар жер табуу кыйын. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн бир жолу бар. Ош шаарынын жанында жайгашкан Кара-Суу, Араван районунда үлүштөгү жерлер же башка категориядагы жерлер болсо, сүйлөшүү жолу менен гана чечсе болот. Мисалы, ошол жердеги жергиликтүү кеңештин депутаттары, район администрация, айыл өкмөт макул болсо гана жылдырууга болот".

Ал эми шаардык мэрия учурда ЕАЭБдин "турмуш тиричилик таштандыларын башкарууну жакшыртуу" боюнча долбоору менен иш алып барып жатат. Жаңы санитардык полигон куруу да ушул долбоордун негизинде жүзөгө ашмакчы болгон. Бирок долбоор ишке ашпай калган.
Таштанды полигонун куруу боюнча ЕАЭБдин өкүлдөрү келип, изилдешкен соң төрт жерди аныкташкан. Жыйынтыгында алар Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү 29 гектар жерге токтолгон. Ал жерди берүүгө Шарктын жергиликтүү депутаттары макул болушкан эмес. Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын өкүлү Уралы Романов төмөнкүлөрдү билдирди.
- "Ошентип долбоор токтоп калган. Акча каражат маселеси чечилген. Бирок учурда шаардык мэрия алтернативалуу, ыңгайлуу жер таба албай жатат. Жаңы санитардык полигон куруу боюнча өкмөттөн тапшырма берилген. Биз жаңы полигон курабыз".
Ал ортодо Шарк айылдык аймагынын башчысы Таалайбек Тезекбаевдин билдирүүсүнө караганда, бул маселе айылдык кеңештин сессиясында каралган. Тилке калктуу конушка жакын болгондуктан жана Шарктын тургундары пайдаланат деген себеп менен депутаттар жер берүүгө макул болушкан эмес. Ал эми Ош шаардык мэриясы 29 гектар жерди шаардын балансына өткөрүп берүүнү суранышкан.
Жаңы санитардык полигон курууга 4.5 миллиондон 5 млн. евро чейинки каражат сарпталары пландаштырылган
Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча бир канча жолу инвесторлор келген. Бирок Ош шаарынан чыгып жаткан таштанды завод курууну актабайт, же Оштун шартына туура келбеген талаптарды койгондуктан, шаардык мэрия ийгиликсиз болуп жатканын айтат.
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен таштанды полигонун дезинфекция кылуу үчүн 800 миң сом бөлдүрүүгө жетишти. Мунун эсебинен кызматкерлер айына 3 жолу дезинфекциялоо иштерин алып бара башташты. Буга чейин залалсыздандыруу айын бир эле жолу жүргүзүшкөн.
Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн 40-50 миллион доллар акча сарпталат.
Экологиялык коопсуздук жагынан караганда, бул жердеги көйгөй – бул таштандыларды түтөөсү. Күндүзү шамал талааны карай соксо, түнү шаарды көздөй согот. Мунун алдын алуу жолу – бул шаарда топтолгон таштандыларды өчүрүп туруп анан алып барып төгүү. Бул боюнча Ош шаардык экотехинспексиясынын экологиялык коопсуздук бөлүм башчысы Асанбек Мамырайимов төмөндөгүдөй пикирде:

-"Негизинен таштандыларды төгүүнүн тартибин көзөмөлдөө керек. Эгерде мындай чаржайыт төгүлө берсе, таштанды талаасы тез эле толуп калуусу мүмкүн. Таштандыда жолбун иттер көп. Аларды жумасына эки жолу атып турушат. Мына ошолорду атууну күчөтүү зарыл. Ал жердеги ар кандай жаныбарлардын, иттердин өлүктөрүн башка жакка талып барып, көмүп туруу керек. Негизинен эле башка жакка жылдырса да көйгөй болот. Ошондуктан, эколог катары айтсам шаарыбыз чоң, кайра иштетүүчү завод курсак жакшы болот."
Деген менен жагымсыз жыттарга карабай, таштандылардан кайра иштетилүүчү металлдарды чогултуп үй-бүлөсүн баккан элүүдөн ашык жаран бар. Айрымдары чакан үй куруп да алышкан. Алардын бири 25 жылдан бери иштеген Бурул эже.

-"Күйөөм каза болгон. Беш балам бар. Көп жылдардан бери ушул жерде иштеп, жан багып жатам. Жумушсуздуктан улам ушул ишке барып жатабыз. Завод, фабрикалар болсо, жок дегенде пол жууп иштемекмин."

Бул жерде таштандыны иргеп иштеген жарандар ай сайын медициналык кароодон өтүп турушат. Бирок бул жерде иштөөгө тыюу салынган.
Айрымдары чочколорун алып келип, багып, бизнес кылышат

Таштанды көйгөйүнө улай Ош шаарынын Курманжан датка, Ленин көчөлөрүндөгү Жойпас каналынын 70 пайызы жабык. Дал ошол каналдын жолдун, имараттардын астында калган болугу дээрлик 10 жылдан бери тазалана элек. Жойпас каналынын жалпы узундугу 4500 мертди тузуп, анын 3000 мерти Ош шаарынын аймагына туш келет. Калаада жаан-чачын катталган маалында суунун денгээли которулуп, шаарды каптоо коркунучу жаралат. Мындай корунуш буга чейин да бир нече жолу катталган.
Убагында шаар тургундары ушул Жойпас каналынан таза суу ичишчү. Ал эми учурдагы абалы көңүл жылытпайт.
Жойпас каналынын учурдагы абалы
Тургундар таштандыларын урналарга эмес, Жойпас каналына ташташат.
Адистер Ош шаарындагы таштанды кампасына байланышкан көйгөйлөр жакынкы жылдары чечилүүсү кыйын экенин белгилешет. Чечүү үчүн мамлекеттин экономикасы жогору болуп, тургундардын экологиялык түшүнүктөрү жогорулашы керек.
Даярдаган: Арген Нуров

Made on
Tilda